Скачать

Кыргыз Каганатынын мамлекеттик-башкаруу системасы: титулдар, бийлик рангалары, кызмат орундары (VI-XIII кк.)

Кыргыз каганаты борборлошкон башкаруу системасы калыптанган мамлекет болгон.

Кыргыз каганатынын административдик-башкаруу системасы, өлкөнү башкаруунун салттары көөнө доорлордон бери карай калыптанган эволюциялык жол менен өнүгүп келди. Мамлекеттик-башкаруу терминдери жана ага негизденген титулдар илимде социалдык детерминативдер деген ат менен белгилүү.