Скачать

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки

Кыргыз эли өзүнүн басып өткөн тарыхый жолунда эчен акылмандарды жаратып, алар ар түрдүү темадагы эчен сонун чыгармаларды түзгөндүгүн бизге келип жеткен акыл-ой байлыктары ачык көрсөтүп турат. Бирок, ал алтын байлыктар өткөн заманда жазылып калбаган, бизге алардын айрым түрлөрү гана келип жетти. Кыргыз эли түзгөн акыл-ой байлыктарын калк арасынан жыйноо иши Улуу Октябрь революциясынан кийин гана жүзөгө ашты. Мына ушул жыйналган элдик казнага көз жүгүртүп караганда, эн кичине көлөмдөгү бир-эки ооз сөз табышмактардан жана макал менен ылакаптардан тартып, монументалдуу эпос «Манас» трилогиясына чейин бар экенин көрөбүз.
«Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» Улуу Октябрь Революциясынан кийин жүзөгө ашкан жана кыргыз элинин маданий тарыхында биринчи жолу жарык көрүп жаткан эмгек.