Скачать

Кой союунун улуттук ыкмасы

Кыргыз эли көчмөн болуп, байыртадан бери эле төрт түлүк мал багып, жан сактап, өсүп-өнүгүп келген. Элибиздин тарыхы, өткөн турмушу, кол өнөрчүлүгү, каада-салты, дининин өзгөчөлүктөрү кой чарбасы менен тыгыз байланыштуу. Меймандостук каада-салтыбызга ылайык, конок күтүү аземинде койду союп, өзгөчө ыкма боюнча жиликтеп, бышырып, устукандап, табак тартуу жөн билгиликти, өзгөчө ыкманы талап кылат. Бирок, тилекке каршы, бул алгылыктуу салтыбыз кийинки мезгилде унутулуп бараткансыйт.
Азыркы биздин жаштар, айрыкча шаардыктар, ал тургай, алардын айрым орто жаштагылары да кой сойгонду, эт бышырууну, коноктун жаш өзгөчөлүгүнө, сыйлылуугуна жараша эт салууну, устукандоону жана эт тууроону билишпейт. Мунун негизги себеби, кой сойгонду, жиликтөөнү жаштарыбыз кичинесинен баштап үйрөнүшпөгөндүгүнөн болуп олтурат. Ушул убакка чейин кой союунун, жиликтөөнүн улуттук ыкмасы (технологиясы), эрежеси жөнүндө жазылган өзүнчө китептердин, колдонмолордун жана көрсөтмөлөрдүн жарыкка чыкпашы да, бул ишти аксатып келген эле. Ал түгүл ушул мезгилге чейин жалпы эле улуттук каада-салтыбыздын, кол өнөрчүлүгүбүздүн айрым жактары таптакыр эле эске алынбагандыктан, бул маселе көңүлдөн сырткары калып келгендиги баарыбызга белгилүү. Мындай кенемтени анча-мынча болсо да толуктоо үчүн, чакан китептин автору тарабынан эт, сүт өнөр жайынын атайын адиси (инженер-технологу) катары кой союунун, этти бузуп, жиликтөөнүн, бышыруунун, устукандоонун кыргыз элиндеги байыртадан бери колдонулуп келе жаткан улуттук ыкмасы жазылды. Албетте, жазылган эмгекте айрым эске алчу жагдайлар, кээ бир кемчиликтер кездешпей койбойт. Андыктан урматтуу окурмандардын, айрыкча иш билги адамдардын, көптү керген аксакалдарыбыздын пайдалуу кеп- кеңештерин, жүйөлүү пикирлерин угууну автор өз милдети, парзы деп билет.