Скачать

Кабуснаме

Миң жылдан ашуун убакыт мурда жазылган жана түркүн тилдерде жүздөгөн жолу басылып чыккан бул китеп бүгүн да өтө баалуу. «Кабуснаме» мазмуну боюнча философиялык-дидактикалык жана турмуштук-социалдык чыгарма. «Аалым болуу жеңил, Адам болуу кыйын», деп айтылат «Кабуснамеде». Билим, эмгек, сабырдуулук, адептүүлүк жана жеке кызыкчылык-сабатсыздыкка, жеңил ойлуулукка, адепсиздикке жана жашоонун түркүн азгырыктарына каршы коюлат. Жакшы менен жамандын ортосундагы түбөлүктүү күрөш бүгүн дагы уланууда. Кайковустун осуятын Амирбек Азам уулу (Усманов) өтө чеберчилик менен кыргызчалаткан. Бул китеп мектеп окуучуларынан баштап аалымдарга, тарбиячылардан тартып ата-энелерге, таалим тарбия иштеринде жалпы эле кыргыз коомчулугуна пайдалуу багыт берүүчү болот деген ишеничтебиз