Скачать

Фергана өрөөнүндө, бүгүнкү Афганистан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытайда жашаган кыргыздар жана алардын этностук курамы, локалдашуусу (XX к. баш чендери – XX к. 90-ж.)

Кыргызтаануудагы дагы бир актуалдуу маселелердин бири - тарыхый тагдырдын жазмышы менен кошуна өлкөлөрдө (Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Казакстан) жашап жаткан кыргыз боордошторубуз, алардын социалдык-саясий жана экономикалык абалын, таралып жайгашуу алкагын, уруулук курамдарын тактоодо турат. Кыргыздар аталган өлкөлөрдүн (анын ичинде 1991-ж. кийин пайда болгон КМШ өлкөлөрүндө) чектеринде эзелтеден жашап келишет.