Скачать

Бостон

«Бостон» эпосу көлөмү жагынан кыргыздын кенже эпостору «Эр Төштүк», «Курманбек», «Жаныш-Байыштардан» кем калышпайт. Эпостун сюжеттик өзөгүн элдик эпостордо кеңири кездешүүчү салттык (традициялык) мотивдер: эл башкарган хандын карыганча баласыздыгы, акыры алардын кудайга кылган мунажатзарынан кийин кереметтүү күчтөрдүн жардамы аркасында балалуу болуу; болочок баатырдын энесинин жырткыч айбанаттын жүрөгүнө талгак болуусу; баатырдын төрөлүшү; баланын шок чыгуусу; баатырга шерик аттын табылышы; кайсы бир максат менен жүрүшкө аттануу; баатырдын үйлөнүүсү; андагы сыноолор түзөт. Албетте, минтип айтуу менен элдик эпосторду (баатырдык чоң дастандарды) бир калыпка салып коюуга же алардын алган ордун белгилөөдө экинчи бир чыгармага салыштыра коюп, буга караганда бул жогору же төмөнкү орунда турат деген корутундуга келүүгө болбойт. Анткени, ар бир чыгарманын өзүнчө өзгөчөлүгү, айырмасы болот. Ал өзгөчөлүк жалаң гана чыгарманын идеясында, мазмундук салмагында болбостон, көркөмдүк жагынан да, композициялык түзүлүшүнөн да, образ түзүү бөтөнчөлүгүнөн да көрүнөт.