Скачать

Алп Тобоок

Кылымына, дооруна жараша тарыхый инсандардын да көтөргөн жүгү, милдети, жоопкерчилиги артып, жасаган иштери, баатырдык көрсөткүчтөрү бөтөнчөлөнүп келет. Кылымдын катмарына нарылап кирген сайын тарыхый инсандар тууралуу реалдуу окуялар жомокторго, легендаларга, уламыштарга окшоп кеткендей сезилет да, таасир калтырат. «Алп» деген эпитеттин берилиши да кылымдардын тереңине алып барып такайт. Мындан 300 жыл мурун он сегиз жашка келгенде ат көтөрө албай өмүр бою жөө жүрүп калган алп Тобоок эске түшөт. Кеп анын алп денелүү же күчтүүлүгүндө эмес, токтоолугу, сабырдуулугун айкалыштыруу менен Түп Бээжинге чейин барып, дөө-шаалар, «бытмырдай кайнаган» кытайларды таң калтырып, кыргыз элинин намысын, улуулугун көрсөтүп келген эр азаматтыгында эле. Андай тарыхый адамын урматтап жаамы эл кантип дастан, чыгарма жаратпай койбойт! Башка баатырлардан алп Тобооктун айырмасы — жогорудагы чыгармалардан көрүнгөндөй, кылыч чабып, найза сунуп таң калтырбай, таталаган кытайларды жалгыз өзү акылы, кара күчү менен тамшандырып, моралдык жактан багындырып аман-эсен эл-журтуна кайткандыгында.