Скачать

Жаныш-Байыш

«Жаныш Байыш» эпосу эл ичине эң кеңири тараган чыгармалардан. Азыркы учурда Кыргыз ССР илимдер Академиясынын Тил жана Адабият институтунун кол жазма фондусунда бул эпостун төрт варианты бар. Биринчи вариантын 1922-жылы Молдобасан Мусулманкуловдон К. Мифтаков жазып алган. Экинчи вариантын дагы К. Мифтаков 1923-жылы Жанаев Жусупалыдан жазып алган. Үчүнчү варианты 1961-жылы Орузбай Урмамбетов тарабынан жазылып тапшырылган Төртүнчү варианты атактуу акын Калык Акиевдин айтуусу боюнча 1939-жылы басмадан чыккан. «Жаныш Байыш» эпосунун варианттары мазмун тараптан экиге бөлүнөт. Тактап айтканда, Молдобасан Мусулманкулов менен Жанаев Жусупалыныкы бир, Калык Акиев менен Орузбай Урманбетовдуку бир багытта.