Скачать

Жаманкара баатыр

Бүгүнкү күнгө чейин тарыхтын өчүрүлгөн барактарынын арасында калып келген айрым адамдардын образдары адабиятыбыздын да барактарынан орун алып келген инсандардын дагы бири — солто элинен чыккан Жаманкара Чоткара уулу. Жаманкара туурасында маалыматтар өтө эле аз. Биз уккан, билген маалыматтарга караганда ал туурасында элдик санжыраларда, Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» (1993) эмгегинде сөз козголот. Буларда негизинен Жаманкара баатырдын казак-кыргыз кагылыштарында көрсөткөн эрдиктери, аш-тойлордо сайышка түшкөндөрү, ар кандай майда эрдиктери туурасында кыскача баяндалат. Ал эми көркөм адабиятта Жаманкаранын образы Смайыл уулунун «Жаманкара» аттуу дастанында биринчи жолу чагылдырылган. Мында Жаманкара баатырдын басып өткөн турмуш жолу баштан аяк кенен сүрөттөлгөн. Атап айтсак, баатырдын ата-теги, туулушу, эр жетилиши, негизги эрдиктери, өлүмү.