Скачать

Самурай кылыч - жүрөгүм

Бул жыйнакка акын Жыргалбек Касаболотовдун 2007-жылга чейин жазган ырлары кирген. Жыргалбек Касаболотов 1971-жылы Бишкек шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Журналист, котормочу жана аналитик. 1994-жылы кыргыз жаш акындарынын Табылды Муканов атындагы сыйлыгына, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин журналисттер үчүн чыгарылган «Алтын калем» сыйлыгына, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына ээ болгон. Жыргалбектин жаңы ырларын дагы жакынкы мезгилде китепканабыздан күтөбүз!