Скачать

Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан

Эмгекте кыргыздардын этникалык жана маданий байланыштарына багышталган, кыргызтаанууда толук иликтене элек маселелер көтөрүлгөн. “Кыргыз” этнокомпонентинин таралуу ареалы, лакай, сары югур, лобнордуктар менен тектик жалпылык, эн тамга белгилери жана алардын этникалык тарыхты калыбына келтирүүдөгү орду изилдөөгө алынган. Алтайлыктар, тувалар, хакастардын кыргыздар менен тектик жалпылыктары тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык өңүттө талданат.

Монография этнографтарга, түркологдорго, аспиранттарга, студенттерге, Ата Журттун тарыхын аздектеп окуган китепкөйлөргө сунуш этилет.