Скачать

Карач дөө

«Карач дөө» жөө жомок түрүндө жашап, 1939-жылы биринчи жолу К. Акиев тарабынан ырга айландырылган. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Бул маалымат акындын эскерүүсүндө орун алып: «Бардык эле акындар жомокту ырга салып айтып жүрүшчү эле. Мен да бул жомокту ырга айландырдым» — дейт. Ал айткан жомоктун нускасы колдо жок. Бирок «Карач дөөнүн» айрым окуялары али да калк ичинде сакталып калган. Кээде Карачтын атында айтылса, кээде башка баатырдын ысмын алып жүрөт.