Скачать

Эшимкул менен Зуура

Кол алдыңыздардагы бул чыгарма элибизде айтылып келген баатырдык жомоктордон. Бул жомоктун бир гана варианты латын арибинде кол жазмалар фондунда сакталып турат. Жомокту ырга айландырып айткан жана жазган Норузбаев Жумагул.
«Эшимкул менен Зуура» жомогу 1939-жылы Кыргыз филармониясынын хор кружогунда окуп жүргөндө жазылгандыгы тууралуу кол жазмалар фондунда маалымат бар.
Жомок көлөмдүү, сюжети жөнөкөй, көркөмдүк жагынан кынтыксыз деп айтууга мүмкүн эмес. Ошондой болсо да окурмандардын жана изилдөөчүлөрдүн назарына сунуш этүүгө татыктуу экендиги талашсыз.