Скачать

Енисей кыргыздарынын жазуу маданияты жана анын эволюцисы

Кыргыздар Азиянын эң байыркы элдеринин бири катары маалым. Түштүк Сибирдин кенен аймактарында ири мамлекетти жана маданияты негиздеген, байыткан кыргыздардын Сибирдеги мамлекети 1703-ж. жашаганы тарыхта белгилүү. Илимде рун сымал байыркы түрк жазуулары деп аталган жазуу системасын кыргыздар мамлекеттик башкарууда, чарбалык иштерде, дипломатияда кенен пайдалана билишкен. Илим адамдарынын белгилөөлөрүндө бул жазуу маданияты V-VI кк. колдонула баштаган. Кыргыздар колдонушкан жазуу эстеликтери Енисей дарыясынын (Тува, Хакасия) ойдуңдарында, Түндүк-Батыш Монголия, Тоолуу Алтайдын айрым жерлерине таралган. Кыргыздарда өнүккөн жазуу маданияты болгондугун кытай жазма булактары эскерет.