Скачать

Даракта да кыял бар

Капалбаев О.Э. - тарых илимдеринин кандидаты, доцент Калык Акиевдин «Жыгачтар менен сырдашуу» поэмасына ой-чабыт Көптөгөн кылымдар бою көчмөн турмушта жашап, өзүнүн элдигин, бүтүндөй улуттугун сактап, башка элдердей болуп жоголуп кетпей, күчтүүсүнгөн элдерге сиңип кирбей, кайра кыл аркандай чыйралып, чачылса кайтып жыйналып, тарыхын жоготпой муундан-муунга, укумдан-тукумга таберик-мурас калтырып, кубанычын, кайгысын комуз менен айтырып келген себептердин бири элибиз айтып келген «өнөрдүн алды кызыл тил» болгону шексиз. Элибиздин салт-санаасы, ырым-жырым, нарк-насил тарыхы дагы элдик-оозеки чыгармачылык менен узун элдин учуна, санжыргалуу калктын кыйырына кылымдаса дагы жетип олтурат…