Скачать

Чыгыш же чоң бийлер баяны

Роман-хроника кыргыздын башына түшкөн эң оор мезгил – XVII–XVIII кылымдарды кучагына алат. Калмактар, алардын күч алышы, кыргыздын Анжиянга сүрүлүшү, Кокон хандыгын түптөп, кийин кайрадан чогулуп Кетмен-Төбө – Таласка келиши, Жуңгар хандыгынын жоюлушу, туулуп-өскөн жерин кайра калыбына келтирүү, Ферганадан Чыгыш Түркстанга – Таластан Илеге чейинки кыргыз-кытай, кыргыз-казак чек ара маселелеринин кандайча чечилиши сыяктуу тарыхый окуялар баяндалат.