Скачать

Бүбү Мариям

Бүбү Мариям Муса кызы азыркы руханий революциянын толкунунда келген Сөз жана Сыр ээлеринин эң көрүнүктүүсү. Ал кайыптан алып кагазга түшүргөн «Айкөл Манас» дастаны улуу эпостун ашкере терең жана түбөлүктүү теңирий мазмунга толгон үлгүсү катары адабий казынабызга кошулду. Учурубуздагы эң сырдуу жана табышмак­ туу инсандарыбыздын бири Бүбү Мариям жөнүндөгү баян китепти эгемен мезгилдин ада­биятынын өкүлү, прозаик жана акын Жума­дин Кадыров жазды. Буюрса, бул баян окурмандардын жүрөгүнөн өз ордун таап, кыргыз руханий адабиятынын жазма үлгүсү катары Улуу Сөз казынабызга ко­ шулат деген үмүттөбүз.