Скачать

Биздин Кыргызстан

Окурман! Колундагы демейдегиден башкача китеп. Бул Кыргызстандын бай жана даңктуу тарыхы, байыркы мезгилден бери анын аймагында жайгашкан элдер жөнүндө энциклопедия. Хронологиялык алкак дээрлик миллион жыл мезгилди камтыйт.
Байыркы, Орто кылымдардын жана Соңку мезгилдин маанилүү окуялары жеткиликтүү, популярдуу формада баяндалган, тарыхта болгон окуяларга таасир көрсөткөн же өткөн мезгилге өзүнүн изин калтырган көрүнүкүү инсандар жөнүндө айтылган.
Китеп кайгылуу жана даңктуу окуяларга жык толгон байыркы мез­гилге саякаттап, түшүнүк алуу учун биринчи кезекте жаш окурманга, ошондой эле Кыргызстандын тарыхына кызыккандардын бардыгына арналган.