Скачать

Темиркул: Песни, прозы

Кыргыз элинин көркөм сөз өнөрүн өнүктүрүүдө акын Темиркул Үмөталиевдин өзгөчө орду бар. Ал профессионалдуу адабиятыбызга негиз салуучулардын бири. Ошону менен бирге Темике тунгуч кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөшкөн коомдук ишмерлерден да эле. Ал көптөгөн айжаркын классикалык ыр, поэма, проза, публицистика, котормолорду мурас калтырган. Өзгөчө Темикенин Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө жазган ыр-поэмалары кыргыз поэзиясында көрүнүктүү орунду ээлейт.

Улуу акындын бул бир томдук жыйнагы анын 90 жылдык мааракесине карата даярдалган. Буга Темикенин мурда жарык көрө элек ырлары, прозалары, замандаштарына арнап жазгандары жана акын жөнүндөгү эскерүүлөрү кирди.