Скачать

Сейтек. 1960 г.

«Сейтектин» ушул вариантын түзүүдөгү бир учурду айта кетүү керек. Жогоруда эскертилгендей бул китеп бир гана Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде кыскартылып берилди да, түзүүчү Түгөлбай Сыдыкбеков тарабынан эч кандай түзөтүүлөр, кошумчалар киргизилген жок. Бөлүмдөрдүн, заголовкалардын аттары гана окуянын мазмунуна жараша түзүүчү жана редакторлор тарабынан коюлду. Мындан мурда бул трилогиянын биринчи бөлүмү «Манас», экинчи бөлүмү «Семетей» китеп болуп жарыяланган. Эми кыргыз элинин улуу жомогунун тыянактоочу бөлүмү «Сейтек» жарыкка чыкты. Нечен кылымдардан бери эл арасында оозеки формада жашап келе жаткан эпостун китеп болуп чыгышы сөзсүз ири маданий окуялардан болуп эсептелет. К. Асаналиев.