persons_img/Толгонай_Сыдыкова.webp

Полное имя: Сыдыкова Толгонай Көчкөнбаевна
Дата рожд.: 1964-жылы 1-сентябрь
Место рожд.: Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар айылы
Гражданство: Кыргызстан


Биография
1964-жылы 1-сентябрда Ош областынын Өзгөн районунун Ак-Жар айылында туулган.

1983-жылы КУУнун (КМУнун) филология факультетинин даярдоо курсунда окуган. 1984-жылы биринчи курска өтүп, аны 1989-жылы ийгиликтүү аяктап, филолог – окутуучу деген квалификацияга ээ болгон. Ушул эле жылы, башкача айтканда, 1989-жылы 15 - августта Ош областынын Өзгөн районундагы Киров атындагы орто мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп кызматка орношкон.

1991-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна кабинет башчылык кызматына кирген. 1995-жылы ушул эле окуу жайынын кыргыз тили боюнча аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнө тапшырган. Андан кийин 1999-жылы «Кыргыз тилинин теориясы жана практикасы» кафедрасына окутуучулук, андан соң мамлекеттик тил кафедрасына ага окутуучулук кызматына кабыл алынып, педагогтук кесип менен илимий ишти айкалыштырып эмгектенип жүрүп, 2003-жылы «Барпы Алыкуловдун чыгармаларындагы диалектизмдер» деген темада кандидаттык диссертация коргоп, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болот.

2003-2005-жылдар аралыгында Нарын мамлекеттик университетине конкурстук негизде «Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы» кафедрасына доценттин милдетин аткаруучулук кызматына которулуу жолу менен барган. Андан келип, КРнын УИАсынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна илимий кызматкер болуп жумушка кирген. 2006-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили кафедрасына доценттик кызматка которулат.

2006-2007-окуу жылында И.Арабаев атындагы КМУда болуп өткөн «Жылдын мыкты доценти» конкурсуна катышып, «2006-2007-окуу жылындагы И.Арабаев атындагы КМУнун «Жылдын мыкты доцентти» аттуу диплом менен, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги төш белгиси жана 2010-жылы ардак грамотасы менен, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен Тил илими адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилген. Ал эми 2013-жылы УИАнын ардак грамотасы, 2015-жылы УИАнын эмгек сиңирген кызматкери төш белгиси менен сыйланган.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Т. Сыдыкованын өзү жана биргелешип жазган айрым эмгектери:

“Кыргыз тилинини диалектологиясы” (Окуу китеби. -Бишкек: Сабыр, 2001);

“Кыргыз тилинин фонетикасы” (Окуу китеби. - Бишкек, 2001);

“Белес артындагы белестер”: (Биобиблиография, 2009);

“Академик Орузбаева Бубуйна Өмурзаковна”: (Биобиблиография, 2009, 2014);

“Садыков Ташполот”: (Биобиблиография, 2009);

“Академик Болом Мураталиевич Юнусалиев”: (Биобиблиография, 2013);

“Азыркы кыргыз тилинин лексикологиясы жана лексикографиясы” (2012);

“Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы” (Окуу китеби, 2015) жана 40тан ашык илимий макалалардын автору.