persons_img/sayakbai.webp

Полное имя:Саякбай Карала уулу
Дата рожд.:1894-09-07
Место рожд.:Тоң району, Семиз-Бел айылы
Дата смерти:1971-05-07
Гражданство:Кыргыз ССР, СССР


Кыскача өмүр таржымакалы

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алма-Атада, Бухарада Советтик бийликти коргогон. 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча “Манас” эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.
Манасчылык таланты анын балалык кезинде чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан С.Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүров менен жолугуп, бир нече жылдар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С.Каралаев өзүнүн эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген.
1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.
С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.
С.Каралаевдин айтуусунда «Эр Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан.
1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү.
1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти.
Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Саякбай Каралаев тууралуу

“Улуу манасчы” М. Убукеевдин даректүү тасмасы
Ч. Айтматов “Асман жана сөз”
Самар Мусаев. Манасчынын 1984 ж. чыккан эки томдук “Манасына” жазган макаласынан.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде
Эркин таңында: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.
Төштүк: Эпос.– Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 386 б.
Каныкейдин жомогу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 108 б.
Каныкейдин Тайторуну чапканы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 154 б.
Бүркүттөр: Мектеп балдары үчүн. – Ф. Кыргызмамбас, 1952. – 60 б.
Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 128 б.
Унутулгус күндөр: Жети-Суудагы граждандык согуштан эстеликтер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955.–136 б.
Эр Төштүк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 356 б.
Делдеш баатыр: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 88 б.
Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 128 б.
Томор мерген: Ыр менен жазылган жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, 1957. – 75 б.
Эстен кетпейт: Проза жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 109 б.
Эр Төштүк: Баатырдык поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958 – 385 б.
Азапты көп көргөн Кубат. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 76 б.
Манас: Биринчи бөлүк I китеп, (С.Каралаев, С.Орозбекова, М.Мусулманкулов, ж.б. варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 302 б.
I том. 1958. – 301 б.
II том 1959. – 317 б.
Семетей: Манас эпосунун экинчи бөлүгү. 3 китеп. (С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеевдин варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 323 б.
Молдо баатыр: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 110 б.
Бакытай балбан: Эл жомогунан. – Ф.:Кыргызмамбас, 1961. – 85 б.
Карамолдо: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 80 б.
Тайтору: Манас эпосунан үзүндү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 120 б.
Бүркүт жөнүндө аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 44 б.
Тулпарлар. – Ф.: Мектеп, 1965. – 59 б.
Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 106 б.
Унутулгус күндөр: Эстеликтер. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 184 б.
Эр Төштүк. – Ф.: Мектеп, 1969. – 331 б.
Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 104 б.
Семетейдин балалык чагы. – Ф.: Мектеп, 1970. – 67 б.
Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 58 б.
Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 60 б.
Каныкейдин Тайторуну чапканы: «Манас» эпосунан. – Ф.: Мектеп, 1986. –76 б.
Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.
Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.
Баатырлар: Эпостон үзүндүлөр. – Ф.: Мектеп, 1988. – 56 б.
Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.
Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.
Тайтору: Семетей эпосунан, 4- басылышы. – Б. Шам, 1995. – 40 б.
Тулпарлар: Ырлар. 4-басылышы. – Б.: Шам, 1995. – 60 б.
Орус тилинде
Эр Тоштук. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 210 с.
Золотой звонок. – М.: Детгиз, 1959. – 94 с.

Адабият

Кыргыз Республикасынын обончулары
/Кыргызпатент/ Т?з.: А.Чекиров, ?.Калыева. – Б.: 2010. –
ISBN 978-9967-26-120-4
Самаганов Дж. (Био-библиографический справочник). Ф., “Кыргызстан”, 1969. 644 с.;
Писатели Советского Киргизстана: Справочник /Авт.-сост. К. Ботояров, Р. Момунбаева; Сост. А. Макеева; Редкол.: Б. Рыспаев (гл. ред.) и др. - Ф.: Адабият, 1989. - 656 с.
Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев.