Скачать

Руководители восстания в 1916 году и роль кыргызских манапов

Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири - 1916- жылы болуп өткөн “Улуу Үркүн” эсептелинет. Орус баскынчыларынын колониялык саясатына каршы көтөрүлгөн кыргыз элинин бул көтөрүлүшү жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишет.