Скачать

Кыз Дарыйка

Орто Азия элдерине чыгыш адабиятынан келген ашыктык, эпикалык, баатырдык сыпаттагы поэма, дастандар кисса деген ат менен тараган. Булар негизинен XIX кылымдын акыры XX кылымдын башында Казан, Уфа шаарларында татар, каракалпак, ногой, казак тилдеринде басылып чыккан. Китептин саны аз болгондуктан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, андан ооздон-оозго тарап, акындар бул сюжеттерди өздөрүнүн алымча кошумчалары менен ырдап эл арасына жайылткан.
«Эл адабияты» сериясына жарыяланып жаткан «Кыз Дарыйка» поэмасы ушундай жол менен таралган элдик көркөм чыгарма. Сюжет Дарыйка аттуу балбан кыздын айланасындагы окуялардан курулган. Баатыр кыздар жөнүндөгү традициялуу сюжеттер, легендалар дүйнө элдеринин фольклорунда көп кездешет. Ал сюжеттер ар бир элдин өзүнүн тарыхын, элдик идеясын чагылдырып, ошол окуя жаралган доор чындыгынын учкундарын сактап келет.