Скачать

Эй, бу Куйручук

Куйручуктун ысымы кыргыз элине атактуу куудул катары белгилүү. Ал эми бул китепке а кишинин куудулдугуна айкалышкан акылмандык, олуялык касиет-сыпаттары, акындык, чечендик таланты жана башка артыкчылыктары жөнүндөгү элдик баяндар камтылды.

Китеп жөнүндө сөз
…байыртадан бери алпка, жоокерге күч берген куудулдук күлкүнү Көкөтөйлөр, Куйручуктар улады. Куйручук күлкүсү тек элдирселдир кеп, серең-сураң кыймылы менен кишини кытыгылабады. Кенен ойлонулуп, өз мезгилиндеги коом түзүлүшүн, кишилердеги кем-кемтикти, терс жоруктарды сын кароолуна алды. Калайыктын оюн айтты. Бей-бечералардын, алсыздардын муң-зарын бөлүштү. Каражемсөө атка минерлердин, алдамчы сүткорлордун, чала молдо дин бузарлардын, акынсынып ыр касиетин качыргандардын, куудулсунуп айыл арасында ит кубалагандардын чекелерине тийген ок болушту кеменгер Көкөтөйлөр, асыл Куйручуктар.

Куйручуктун иштеген жоругу, айткан кеби, кыймыларакети калктын дилинде тек куудулдук гана эмес, акылмандык касиетке ээ болуп келген.