Скачать

Бозжигит

«Бозжигит» поэмасынын Кол жазмалар фондусунда эки нускасы сакталып турат. «Бозжигиттин» тарыхына кайрылсак В. В. Радловдун мындай деп жазганы бар: «Уфа шаарына барганда «Бозжигит» китебин бир нече жолу окудук. Бул китеп жакшы жазылган эле. Жигиттин аты Бозжигит экен да, кыздын аты Карачач экен. Ал эми Бозжигиттин досунун аты менен шаардын аты жок эле. Бул китепти жазуу бизге кыйын болду. Өзүбүздүн көңүлүбүз кайгылуу күндө бул «Бозжигит» китебин 1842-жылы жаздык. Адегенде кысса деп жаздык. Бул чыгарманы угармандарыбыз «Бозжигит» ыр менен жазылсын деген тилек койгон соң бардык сөзүн ыр менен жаздык. Биздин бул күнкү муңдуу адамдардын көңүлү «Бозжигитти» ыр менен айтып жадырасын дедик» . Чындыгында да «Бозжигит» поэмасынын көркөмдүгү жогору, лирикалык формаларга, символдорго бай. Кыргыздар арасына китеп аркылуу тараган. Оозеки айтылган версиясы жок.