Скачать

Жалайыр жалгыз

«Жалайыр жалгыз» жөө жомоктун негизинде түзүлгөн турмуштук поэма. Чыгарманын бардык айтылыштарында айтуучулар «жомок» «эски сөз» деп белгилешет. Аны поэманын сюжети, андагы архаикалык мотивдер, окуянын мүнөздөлүшү, жөнөкөйлүгү, түзүлүшү бекемдеп турат. Поэманын жомоктук башатын аныктоочу дагы бир көрүнүш бул жеке адамдын турмушунун сүрөттөлүшү. Мында жалпы элге тиешелүү проблема көтөрүлбөйт. Эл арасында «Жалайыр жалгыз» комуздун коштоосунда өзүнө мүнөздүү обон менен айтылган. Буга чыгарманын кээ бир варианттарынын, айрыкча мурда жазылып алынган кол жазмаларынын текстиндеги ыр түзүлүшү, айтуучулардын маалыматы далил болот. Ошондой эле эл арасында «Жалайыр жалгыз» деген комуз күүсү да бар экени маалым . Жыйнакка көркөмдүгүнө, сюжетиндеги айырмачылыкка, таралуу аймагына карап төмөнкү үч варианты М. Зулпиевдин, Т. Апсатаровдун жана тюрколог Реми Дор Памирлик кыргыздардан жазып алган Орун Какбаштын варианттары киргизилди.