Скачать

Түрк лексиографиясынын тарыхынан

Эмгек түрк лексикографиясынын өнүгүш процессин андагы илимий принциптердин иштелип чыгышы көз карашынан иликтөөгө алат. Түрк тилдери боюнча жасалган көрүнүктүү сөздүктөр бир арада, хронологиялык тартипте анализге алынган бул эмгек эки максатты көздөйт: бириңчиси, бул багытта жасалган иликтөөлөрдүн жетишсиздигине илимий коомчулуктун көңүлүн буруу; экинчиси, балким эң маанилүүсү, түрк лексикографиясынын тарыхы менен азыркы абалын чагылдырган жана келечегине багыт берген заманбап бир илимий булак жаратуу.

Автор өзү жарыялаган “Түркчө-кыргызча сөздүктү” (Кыргыз-Түрк Манас Университети басмасы. - Бишкек, 2005) түзүүдөгү жекече тажырыйбаларына таянуу менен Түркия түркчөсү жана кыргызча сыяктуу батыш жана чыгыш түрк тилдеринин типтүү өкүлдөрүнүн мисалында өз ара өзгөчөлүктөрүн, жалпы жактарын көргөзүп, тектеш тилдер арасында котормо планда сөздүк жаратуунун жаңыча илимий жоболорун жана принциптерин сунуш кылат.

Китеп бул багытта иштей тургандарга көмөк көрсөтүп, түрк лексикологиясы, лексикографиясы жана жалпы эле түркология тарыхына кызыккандар үчүн пайдалуу болмокчу.