Скачать

Саякбай Каралаевдин Семетейине кириш сөз

Элибиздин улуу мурасы «Манас» жөнүндө кеп козголо калса, ар кимибизди кандайдыр бир сыймык бийлеп алат да, бүйрүбүз кызып, тез эле сөзгө аралашып, аңгеменин учугун ары улайбыз. Бул бекеринен эмес. «Манаска» болгон сүйүүбүздүн башаты те балачактан башталат, анын башкы оң каармандары тууралу ата-энелерибиздин, ж.б. жакын адамдарыбыздын кол жеткис ыйыктын ыйыгы катары айткан ар түрдүү аңгемелерин угуп, бышы кулак болсок, кийин жалпы элибиздин ага болгон зор симпатиясына сугарылып, биз үчүн «Манас» ата-журт, кыргыз эли деген түшүнүктүн, кандайдыр бир бөлүнгүс атрибуту — символу катары сезилип калат. Эпостун башкы оң каармандарынын бүткүл өмүр бою кылган иштери эл-жердин камы, кыргыз элинин бактысы үчүн арналышы, ал образдарды ошол кол жеткис бийик, ыйык деңгээлге жеткирген. Алар бизге ата-журтту чексиз сүйүүнүн идеалы гана болбостон жалпы адамкерчиликтүүлүктүн эң жогорку үлгүсү болуп эсептелет. Колуңуздардагы китеп ошол сүйүктүү эпосубуз «Манас» трилогиясынын «Семетей» бөлүмүнүн — бул бөлүмдүн улуу манасчы С. Каралаев айткан вариантынын эки томдугунун биринчи китеби. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы трилогиянын биринчи бөлүмү («Манастын» өзү) мурдараак эки том болуп жарык көргөн, бул китеп ошол жарыяланыштын уландысы болуп эсептелет.