Скачать

Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Сейтек” поэмасына кириш сөз

Негедир ушул убакка чейин «Сейтек» поэмасы кыргыз фольклорун изилдөөчүлөрдүн көз жаздымында келе жатканы байкалат. Сөз арасына кыпчылып кеткени болбосо, бул сонун поэманын бүткүл ажарын ачып көрсөткөн эмгектер жокко эсе. Анткени менен «Сейтек» атактуу «Манас» трилогиясын бардык тараптан жыйынтыктаган, корутундулаган бөлүмү катарында эсептелүүгө толук укуктуу. Аны кандайдыр бир эпилог, болбосо калыптанып бүтө элек поэма түспөлүндө кароо эн бери калганда маселеге үстүртөн мамиле кылгандык болор эле. Мейли сюжеттик жана композициялык түзүлүшү жагынан болсун, мейли каармандардын көркөм элестеринин ачылышы жана идеялык мазмунунун толуктугу жагынан болсун «Сейтек» өтө оригиналдуу өз алдынча бүткөн чыгарма.