Скачать

Козу Көрпөш, Баян сулуу

Казак элинин сүйүп окуган жана кеңири тараган элдик көөнө поэмаларынан бири «Козу Көрпөш, Баян сулуу» 1812-жылдан баштап бир канча жолу басылып фольклорист-илимпоздор тарабынан кеңири изилдөөгө алынып келе жатат. Бул поэма казактардан башкырт, татар, алтай, ногой, кыргыз сыяктуу түрк элдерине тарап, Козу Корпош менен Баян сулуунун трагедиялык махабаты туурасындагы аңыз улам алымча, кошумчалары менен айтылып түрдүү версиялар түзүлгөн. «Козу Көрпөш, Баян сулуу» поэмасы Кыргызстандын түштүгүндө айтылгандыгы тууралуу кызыктуу фактылар бар.