Скачать

Көөнөргүс мурас

Дүйнөдөн мезгилсиз өткөн таланттуу фольклорчу, адабиятчы, сынчы Камбаралы Ботояровдун (1944-1994) калеминен жаралган бул эмгек 1856-жылы Ч. Валиханов жаздырып алган «Көкөтөйдүн ашын» — «Манастын» эн алгачкы кагаз бетине түшүрүлгөн эпизодун текстологиялык өңүттөн изилдөөгө арналган. «Көкөтөй ханнын эртегиси» деген ат менен сакталып келген бул үзүндү чет элдик түркологдор тарабынан эбактан бери кызуу изилденип келатса да, кыргыз аалымдарынын назарына али чындап түшө элек болучу.

Жогорку окуу жайларынын филология, чыгыштаануу, тарых факультеттеринин студенттерине, аспиранттарга. филолог-түркологдорго жана булактаануу жаатында эмгектенген адистерге, жалпы эле ата мурасын аздектеген китепкөйлөргө багышталат.