Скачать

Хан Ормон

«Хан Ормон» — тарыхый роман. Ал 19-кылымда бир тараптан Кокон хандыгы, бир тараптан Цинь империясы, дагы бир тараптан Орус падышачылыгы географиялык жайланышы жагынан стратегиялык мааниси чоң, бирок бирдиктүү мамлекети жок, уруу-уруу болуп бытыранды жашаган Кыргызстандын жерине көз артып, кысымга ала баштаган кыйын кезеңин баяндайт. Роман Ормон хан башында турган түндүк кыргыздарынын өзүнчө мамлекет болуп, көз карандысыздыгын сактоого жасаган аракетин чагылдырат.