Скачать

Казак-кыргыз окуясы

Мезгилдин агымына жараша кыргыз элинин көптөгөн көркөм чыгармалары, ата-мурасы болгон ар түрдүү элдик казынада сакталып калган баалуу эмгектер кыйла жылдар бою басма барактарда жарык көрбөй келген. Төмөндө, сиздерге тартуулап жаткан Ыбырайым Абдырахман уулунун «Казак-кыргыз окуясы» аттуу даректүү поэмасы да, учурунда эске алынбай калган ошондой чыгармалардын бири. Бул поэманы автор манасчы Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы вариант боюнча жазып алыптыр. Поэманын өзөгүн чагылдырган окуялар өткөн тарыхыбызга түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан, аны толук бойдон окурмандардын таразасына коюуну туура таптык.