Скачать

Болот

Чыгарманын сюжети мурда эл арасында айтылып жүрүп, кийинчерээк жазгыч акын тарабынан ырга айландырылып кагазга түшүрүлгөн. Муну чыгарманын өзүнөн — алыска сапар тартып бараткан жүргүнчүлөргө Курман аттуу ырчы «жол жомогу» катары айтып бергендигинен эле байкаса болот. Жолдо, Акбейит деген жерде Болоттун атасы, уста Нурбайдын сөөгү коюлган экен. Сөз учугу ошол Нурбай устадан уланып, анын уулу Болот баатырдын жеңиштүү иштери менен аяктайт. Демек, ушул текстти жазган адам Курман ырчыдан сюжеттин негизги өзөгүн илип калып, кийинчерээк кагазга ыр кылып жазып чыккан. Чыгарманын ыр түзүлүшү биздеги салттык 7—8 муундуу ыр формасында эмес, Чыгыш поэзиясынын таасиринде 10—11 муундуу ыр жолдору менен жазылган. Алты саптан турган туруктуу строфаларга бөлүштүрүлүп, ар бири бирдей рифмага баш ийдирилген. Мына ушул сапаттарды жазгыч акындар көбүрөөк пайдаланып жүргөндүктөн, бул чыгарма да андан чет калбай, «Эр Төштүк», «Жаныш, Байыш» сыяктуу чыгармалардан кескин айырмаланып турат. Ошондуктан, «Болот» дастанын жазгыч акын тарабынан кайрадан иштелип чыккан элдик чыгарманын бир үлгүсү деп кароого болот.