Скачать

Ак Мактым

«Ак Мактым» поэмасы боюнча алгачкы кеңири изилдөөнү фольклорист окумуштуу, ф. и. к. Турдубай Абдыракунов жазган. Ал кыргыз, хакас, уйгур версияларын салыштыруу аркылуу сюжеттин жалпылыгын, айырмачылыгын анализдеген. Ошону менен бирге поэманын жаралуу, калыптануу доору, тарыхый чындык менен байланышы, идеялык багыты, композициялык түзүлүшү тарыхый-салыштырмалуу планда изилдөөгө алынган. Акырында, көлөмү жагынан чакан, сюжети жөнөкөй түзүлгөн «Ак Мактым» поэмасы кыргыз эли басып өткөн тарыхый доордун, опурталдуу, коогалуу турмуштун көркөм элеси, элдик көркөм эстетикасы деп айтса болот. Жыйнакка М. Зулпиевдин, Ю. Бостоновдун варианттары киргизилген.